Жапаров: Борбор Азияда кызматташтык жаңы сапаттык деңгээлге чыкты

Президент Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 15:05
759975263_1629105935890701_3762376950701113585_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 31.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда аймактык кызматташтык акыркы жылдары жаңы сапаттык деңгээлге чыкканын белгиледи.

Анын айтымында, мамлекеттер ортосунда мамлекеттик чек аралар боюнча принципиалдуу, тарыхый макулдашууларга жетишилип, бул аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түздү. Ошондой эле өлкөлөрдүн эл аралык аренадагы өз ара колдоосу күчөгөнү баса белгиленди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын талапкерлигин 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүүдө көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Ташкент шаарында кабыл алынган Борбор Азия мамлекет башчыларынын БУУга кайрылуусу регионалдык тилектештиктин айкын далили болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан бул маанилүү эл аралык аянтчада иш алып барууда аймактын жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүүгө умтула турганын белгиледи.

Президент ошондой эле транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү биргелешкен иштин негизги багыттарынын бири болуп каларын айтты. Бул алкакта темир жол, автоунаа, авиация жана мультимодалдык долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, ал Ысык-Көл аймагы илгертен эле маданияттардын өз ара баарлашуусунун жана байышынын мейкиндиги болуп келгенин белгилеп, бүгүнкү жолугушуунун бейформал мүнөзү ачык жана мазмундуу пикир алмашууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.