Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин" жоюу иш мерчеминин негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Орто-Азия сел каналынын 520 метр аралыгын тазалоо, нугун кеңейтүү иши башталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сел каналды тазалоо үчүн министрлик тарабынан 1 оор инженердик техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган.
Аталган сел канал тазаланса 70 турак жай, 25 гектар айдоо жери сел кооптуулугунан корголот.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 41 объектиде сел кырсыктарын алдын алуу жумуштары аткарылат.