Жалал-Абадда электр тармактар ишканасына жаңы 5 имарат курулуп, төртөө оңдолот

Аймак Загрузка... 27 Январь 2025
budivnictvo-ogljad-i-rejting-specialnosti-default.jpg
copyright icon www

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Жалал-Абадда электр тармактар ишканасына жаңы 5 имарат курулуп, төртөө оңдолот.

Ведомстводон билдиришкендей, алар Чаткал, Майлуу-Суу РЭТтеринин жана Ала-Букадагы Сумсар УЭТинин имараты, Аксы РЭТинин трансформаторлорду оңдоо цехинин имараты жана 110/ 35/10 Ала- Бука көмөк чордонунда көмөк чордондор кызматынын жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматына жаңы имарат курулат.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи шаарчасында 110/35/10 кВ "Дача" көмөк чордонун куруу пландалса, Көк-Арт, Сузак, Жалал-Абад, Ноокен РЭТтеринин имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Белгилей кетсек, пландоо иштерине чейин Жалал-Абад ЭТИни тарапбынан мониторинг жүргүзүлүп, эскилиги жеткен имараттарды оңдоо, кызматкерлерге жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт жаратуу жагы жолго коюлган.

Эске салсак, өткөн жылы 3 имарат жаңы курулса, 3 имарат оңдоп-түзөөдөн өткөн.