Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун лидерлеринин бири М.Н.Э. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал аталган экстремисттик уюмдун Сузак району боюнча масул (лидер) катары көрсөтүлгөн.
Бир нече жылдар бою Жалал-Абад облусунун калкынын арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, экстремисттик материалдарды таратуу жана катардагы мүчөлөрдөн экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо үчүн каражат чогултуу менен да алектенген.
Кармалган жаран кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда уюмдун кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарды тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.