Жалал-Абадда 52 турак жай сел кооптуулугунан корголот

Аймак Загрузка... 22 Февраль 2025 10:49
copyright icon www

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Жалал-Абадда 52 турак жай сел кооптуулугунан корголот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ала-Бука районунда 2025-жылы "Атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу" иш-мерчеминин негизинде 8 объектте жумуш жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө аталган райондун Айры-Там айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылындагы Харезим сел сайынын 1200 метр аралыктагы нугун механикалык жол менен тазалоо жана нугун түздөө иштери жүргүзүлүүдө.

“ӨКМнин 1 оор техника бөлүнүп, күйүүчү майлар менен камсыздалып, жумуш план графиктин негизинде жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.