Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Базар-Коргон районуна караштуу Катар-Жаңгак айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 149 млн сомду түздү.
Эки кабаттуу, эки блоктон турган имараттын жалпы аянты 1 миң 650 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик класс, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдары каралган.
Мектептин курулушу 2025-жылдын январында башталган. Учурда объекттин курулушу толук аяктап, пайдаланууга берүүгө даярдалууда.