Жалаа жабуу жана мазактоо үчүн мыйзам чегинде кандай чаралар көрүлөт?

Пикир Загрузка... 10 Февраль 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-02-10 at 13.07.52.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда Укук бузуулар кодексине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабууга жана мазактоого айып салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бүгүн, 10-февралда күчүнө кирди.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоого, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз түрдө атайын кемсинтүүдө жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат”, - деди ал.

Ошондой эле Орозбек Сыдыков ушундай жалаа жабуу маалыматтарын билип туруп тараткандарга да айып салынарын айтты.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп тараткандарга, мында жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат”, - дейт Сыдыков.

Юстиция министринин орун басары белгилегендей, адамдын арызынын негизинде ички иштер органдары протоколдорду түзүп, соттун кароосуна жиберет. Ал эми сот айып пулду чегерет.

“Адамдын арызынын негизинде иштер жүргүзүлөт. Мисалы, социалдык тармакка ошондой жалган жалаа, мазактоолор чыкса, скриншот же видео скриншот кылып, нотариустан өткөрүп күбөлөндүрүп, шилтемелерин сактап, арызга тиркеп тапшырат. Өндүрүштү ички иштер органдары жүргүзгөн соң, сотко өткөрүп беришет”, - деп билдирди ал.

Орозбек Сыдыковдун пикиринде, мындай мыйзам дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн 90%ында кеңири колдонулуп келет.

“Алардын бардыгында кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралса, биздин өлкөдө бул административдик укук бузууларга киргизилди. Анткени коомдо ушундай жагдайлардын көп орун алышы менен адамдардын ар-намысына, беделине шек келтирилип, жалаа жабуу, мазактоо көндүм адаттарга айланып бара жатканынан улам жөнөкөй жарандар жабыркап жатат. Укук коргоо органдарына арыз жазса, мыйзамдын жоктугунан эч ким андай арыздарды карабай келген”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, мыйзамга президент Садыр Жапаров кол коюп, документ 31-январда расмий жарыяланган. Андан бери он күн өтүп, мыйзам 10-февралда күчүнө кирди. Мыйзамды 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган болчу.