Өзгөндө тойдо 40тан ашык адам тамакка ууланып, ооруканага түштү

Коом Загрузка... 03 Июль 2026 15:40
WhatsApp_Image_2026_7xdnAtb.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Өзгөндө тойдо 40тан ашык киши тамакка ууланганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан "Кабар" агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү Өзгөндөгү тойканалардын биринде адамдар тамакка ууланышкан. Учурда бул факт электрондук каттоо журналына катталды.

"Тамакка ууланып 40тан ашык киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Анын ичинен 10 адам ооруканага жаткырылган. Окуя боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат", — деп белгилешти Ош облустук милициясынан.

Белгилей кетсек, өткөн айда Бишкектеги медреселердин биринде 50дөн ашык адам тамакка ууланып, ооруканага кайрылышкан. Анда алар оливье салатын жегенден кийин өздөрүн жаман сезе башташканын айтышкан.