Өзбекстанда улуу ойчул Алишер Навоинин 584 жылдыгы белгиленүүдө

Борбор Азия 1536 10 Февраль 2025 11:15
0351af9421dfbdbb96f21cff1266cd77.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.11.53 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.11.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.11.53.jpeg
Алдыга
Артка
0351af9421dfbdbb96f21cff1266cd77.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.11.53 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.11.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.11.53.jpeg
Алдыга
Артка

Ташкент, 10.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда улуу ойчул жана акын Алишер Навоинин туулган күнүнүн 584 жылдыгы кеңири белгиленип жатат, деп билдирет Өзбекстандын улуттук агенттиги.

Навои шаарындагы «Руханият жана агартуу» борборунда «Алишер Навои жана Чыгыш Ренессансы» аттуу IV Эл аралык симпозиум өттү.

Бул конференциянын катышуучуларына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоо катын жолдоду. Анда баалуулугу мезгил тарабынан далилденген кереметтүү, кайталангыс чыгармаларды жаратып, бир гана өзбек эмес, бүткүл түрк адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Алишер Навои чыныгы урмат-сыйга, эл аралык деңгээлде таанууга татыктуу экени айтылат.

«Элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого, адамзаттын жаркын келечегин биргелешип курууга чакырган улуу акын жана ойчулдун идеялары жана чыгармачылыгы азыркы коогалаңдуу мезгилде өзгөчө орчундуу болуп жатат», - деп айтылат куттуктоодо.

Эскерте кетсек, А.Навоинин чыгармалары биринчи жолу 50-жылдары кыргыз адабиятынын патриархы Аалы Токомбаевдин жетекчилиги менен белгилүү акындар Алыкул Осмонов, Узакбай Абдукаимов, Темиркул Үмөталиев жана Насриддин Байтемировдор тарабынан кыргыз тилине которулган.