Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. 25-26-августта Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнчарейд жүрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Анын жүрүшүндө 5,3 миң метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор жана 100 килограммга жакын таштанды чыгарылды.
"Жалпысынан жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясында 55 рейд жүргүзүлүп, 36,5 миң метр балык уулоочу тор жана 840 килограммга жакын таштанды чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик браконьерликке каршы рейддик жана көзөмөлдөө иштери мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.