Ысык-Көлдү тор жана таштандыдан тазалоо иштери уланууда

Экология 4717 30 Декабрь 2025 20:16
FB_IMG_1767103421675.jpg
FB_IMG_1767103416766.jpg
FB_IMG_1767103424594.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767103421675.jpg
FB_IMG_1767103416766.jpg
FB_IMG_1767103424594.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Ысык-Көлдү тор жана таштандылардан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал жарыялаган сүрөттөрдөн суучулдар тарабынан ондогон метрди түзгөн торлор суудан дагы деле чыгарылып жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо аракеттеринин негизги максаты экосистеманы коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу болуп саналат.