Ысык-Көлдө өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулууда

Аймак Загрузка... 28 Март 2025 16:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек 28.03.25 /Бишкек/. Ысык-Көл облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, лаборатория Балыкчы токой чарбасынын аймагында жайгашкан 0,40 гектар жерге курулуп жатканы айтылат.

Муну менен катар, аны аталган министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти куруп, Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) каржылоодо.

Лаборатория куруунун максаты – фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана экспорттук потенциалды жогорулатуу болуп саналат.

Ошондой эле жерди трансформациялоо боюнча 2024-жылдын 19-декабрында министрлер кабинетининин №767 токтому чыккан. Мунун негизинде көрсөтүлгөн жер аянты жогоруда аталган департаментке мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

Балыкчы шаарына лаборатория куруунун эскиздик долбоору АК “Долбоор” тарабынан даярдалып, тендерди “АТ Empire” компаниясы жеңип, куруу келишимине кол коюлду.

“Азыркы учурда лабораторияны куруу иштери кызуу жүрүп жатат, курулуш иштери 31-майда аяктайт”,-деп айтылат маалыматта.