Барскоон – Ак-Шыйрак жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак Загрузка... 15 Май 2025 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Иштерди “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №3 Жол тейлөө мекемеси жүргүзүүдө. Учурда 2-3,3-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмары сыйрылып, жолдун негизи даярдалып, жаңы асфальт төшөө жумуштары башталды.

Ишке заманбап жол куруу техникасы – асфальт төшөгүч, катмар тыгыздоочу катоктор жана ташуучу унаалар тартылган.

Ишкананын адистери тарабынан асфальт катмарынын тыгыздыгы жана тегиздиги тыкыр көзөмөлдөнүп, жолдун сапаты мамлекеттик стандарттарга толук жооп берет.