Бишкек, 22.11.25. /Кабар/. "Ынтымак Ордо" имаратынын түндүк тарабына LED-экран конструкциялары орнотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, экран ири мамлекеттик иш-чаралардын, расмий аземдердин учурунда колдонула турган жаңы протоколдук элемент.
"Экран жогорку меймандарды тосуп алуу видеолорун жана протоколдук иш-чараларды чагылдыруу үчүн колдонулат", - деди Аскат Алагөзов.