Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жайыл районуна караштуу Ынтымак айылынын тургунунун турак жайына байланышкан маселени чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы аталган райондун эли менен жолугушкан учурда белгилүү болду.
Тургундун айтымында, уулу менен келини 12 жыл бою Россияда эмгек миграциясында жүрүп, үй-бүлөсүнө акча которуп турушкан. Ал каражатка жер тилкеси сатылып алынып, үй курулган. Бирок үй курулуп бүткөндөн беш жыл өткөндөн кийин жер тилкесин мурда сатып алган тараптардын ортосунда талаш чыгып, сот аркылуу араздашууда.
Анын маалыматына караганда, жаран өзү төртүнчү тарап болуп саналат жана колундагы документтери мыйзамдуу. Учурда тергөөчү үйдү камакка алган.
Бул арада үй-бүлөдө уулу жол кырсыгынан каза болуп, келини II топтогу майып.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков тургун ак ниеттүү сатып алуучу экенин белгилеп, анын укуктары корголо тургандыгын белгиледи. Президент маселени чечүү боюнча тиешелүү тапшырма берди.