Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Япониянын премьер-министринин атайын өкүлү Акихиса Нагашима Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годанын жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Япониянын премьер-министринин атайын өкүлүнүн сапарынын алкагында кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкууланат, ошондой эле “Борбор Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитине даярдык көрүү маселелери каралмакчы.