Вознесеновка айылындагы мектепке кошумча корпус курулат

Аймак
Вознесеновка айылындагы мектепке кошумча корпус курулат
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылындагы мектепке кошумча корпус курулушу мүмкүн. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Панфилов районунун эли менен жолугушкан учурда белгилүү болду.

Аталган айылдан жолугушууга келген өкүл мектепте балдардын саны көбөйгөндүктөн, кошумча корпуска муктаждык жаралып жатканын, ошондой эле учурдагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин белгиледи.

Буга жооп катары мамлекет башчысы Курулуш жана Агартуу министрликтерине маселени карап чыгып, 2028-жылдарга чейин кошумча имарат куруп берүүнү тапшырды.