Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Вьетнамдын борборундагы ресторанда чыккан жарылуудан алты адам каза болуп, он адам жаракат алды.
Эл аралык маалымат агенттиктери окуя Ханой шаарында 24-ноябрда эртең мененки саат 8:00 чамасында Нгуен Ван Туйет көчөсүндө болгонун жазып чыгышты. Жарылуунун кесепетинен имарат кулап түшкөн.
Жарадар болгон он адамдын баары борбор калаадагы үч медициналык мекемеге жаткырылып дарыгерлердин көзөмөлүндө. Премьер-министр жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, медициналык кызматкерлерге оор жаракат алган бейтаптарга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Жергиликтүү бийлик органдарына каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жарылуудан жабыркаган жакын жердеги имараттарды текшерип, бекемдөө тапшырылды.
Премьер-министр каргашанын себебин тез арада аныктоону жана эреже бузуулар үчүн катаал чараларды көрүүнү талап кылды.