Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсүнүн” салтанаттуу ачылыш аземи өтүүдө.
Бул көргөзмө Кыргызстандын Улуттук тарых музейи, Кытайдын Тяньцзинь музейи жана Ички Монголия музейинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, эки өлкөнүн музейлеринин ишмердүүлүгүн таанытууга, маданий диалогду бекемдөөгө, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана кыргыз-кытай элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө багытталган.
Экспозицияда үч музейден тандалып алынган 235 уникалдуу тарыхый артефакт коюлган. Алар кылымдар бою искусствонун, кол өнөрчүлүктүн, философиянын жана эстетикалык салттардын өнүгүшүн чагылдырып, Кытай менен Кыргызстандын тарыхый жана көркөм мурастары тууралуу кеңири түшүнүк берет.
“Көргөзмөнүн негизги концепциясы кытайдын руханий маданиятындагы “гармония” түшүнүгүнө негизделген. Анда адам менен жаратылыштын, өткөн менен келечектин, ошондой эле ар түрдүү маданияттар менен элдердин ортосундагы ынтымак идеясы чагылдырылат. Экспонаттар аркылуу көрүүчүлөр Кытай жана кыргыз цивилизацияларынын калыптануу тарыхы, алардын көркөм жетишкендиктери жана бүгүнкү күндө да маанисин жоготпогон маданий баалуулуктары менен таанышууда”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, көргөзмө Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.
Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин маданий программасынын жана Улуу Жибек жолунун “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Көргөзмөнүн ачылышына Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери, окумуштуулар жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышууда.