Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарында коммерциялык электрондук күндөлүктөрдү иштеп чыгуучулар тарабынан Агартуу министрлигине жана "Улут Софт" ЖЧКсына карата жүргүзүү жана келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо боюнча айыптоолор айтылган маалыматтар тарады. Ушуга байланыштуу ата мекендик IT-компания расмий төгүндөө менен чыкты. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Улут Софт" ЖЧКсынын башкы директору Мирбек Окенов билдирди.
Анын айтымында, маалыматтык чабуулдардын артында жеке менчик иштеп чыгуучулардын коммерциялык кызыкчылыгы турат. Алар акысыз мамлекеттик сервистин аброюна шек келтирип, мектептерге акы төлөнүүчү тиркемелерди кайрадан таңуулоого аракет кылууда.
"Улут Софт" ЖЧКсы Кыргызстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн негизги мамлекеттик органдары үчүн 20дан ашык ири мамлекеттик платформаны ийгиликтүү ишке киргизип, өзүнүн аброюн баалап келет. Агартуу министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында бирдиктүү мамлекеттик билим берүү IT-инфраструктурасы түзүлүп, анын негизги элементтеринин бири "Электрондук күндөлүк" болду. Ал учурда 2 миң 145 мамлекеттик, 369 жеке мектепте жана 93 кесиптик лицейде киргизилип, 1,5 миллиондон ашык колдонуучуну камтыйт. Муну менен ал "Түндүк" тиркемесинен кийинки көлөмү боюнча экинчи мамлекеттик экосистемага айланды. Мындан тышкары, долбоордун алкагында 10 миң материал жана 2 млн жолу кирүү көрсөткүчү бар "Санарип Мектеп" билим берүү платформасы, өзгөчө муктаждыгы бар жана мигранттардын балдары үчүн 2,5 миңден ашык окуучуну окуткан "Тунгуч" онлайн-мектеби, ошондой эле 17 миң мугалим билим алган "Устат" квалификацияны жогорулатуу системасы ийгиликтүү иштеп жатат", — деди ал.
Эксперттерге каражат төлөнбөй калган деген билдирүүлөргө комментарий берип жатып, Мирбек Окенов сметалар каражаттын чектелген баасын гана көрсөтөрүн, ал эми ресурстар платформанын негизги өзөгүн иштеп чыгууга артыкчылык берүү үчүн мыйзамдуу түрдө кайра бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрдү. Анын айтымында, компания Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Фундаменталдык илимдер институту менен түзүлгөн келишимдин негизинде мыйзам чегинде иш алып барып, аталган институт алдындагы бардык финансылык милдеттенмелерин толук аткарган. Ошондой эле жеке жактар менен түз келишимдери жана аларга карата карызы жок.
Башкы директор белгилегендей, "Улут Софт" ЖЧКсы татаал жана жогорку жүктөмдө иштеген маалыматтык системаларды долбоорлоо жана иштеп чыгуу багытында ийгиликтүү иш алып барган ата мекендик IT-компания болуп саналат. Бул жылдар аралыгында компания 20дан ашык ири мамлекеттик платформаны иштеп чыгып, өнөр жайлык пайдаланууга киргизген.
"Компания мамлекеттин ишенимдүү жана ак ниет IT-өнөктөшү катары көп жылдар бою топтогон аброюн жогору баалайт жана иштеп чыгуучунун атына көлөкө түшүрүүгө багытталган ар кандай божомолдорду жана негизсиз чабуулдарды кескин түрдө четке кагат", — деп кошумчалады Мирбек Окенов.