Марипов БАМКК Башкы катчылыгынын Азия жана Африка департаментинин директору менен жолукту

Саясат Загрузка... 07 Февраль 2025 10:06
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек,07.02.25./Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (БАМКК) Башкы катчылыгынын Азия жана Африка департаментинин жаңы дайындалган директору Хуссейн Омар Аль-Ибрахим менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун алкагында 2025-жылдын июнь айында Бишкек шаарында БАМКК жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда Экинчи инвестициялык форумду өткөрүү боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргызстан менен БАМКК ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жалпы умтулууларын тастыктады.

Ошондой эле элчи Улукбек Марипов Хуссейн Омар Аль-Ибрахимди БАМКК Башкы катчылыгынын Азия жана Африка департаментинин директору болуп дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматтагы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланыштарды улантуу жана эки тараптуу мамилени бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди алдыга жылдыруу тууралуу макулдашты.

Маалымат үчүн: Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши 1981-жылы 25-майда түзүлгөн жана ага алты мамлекет – БАЭ, Бахрейн, Сауд Аравиясы, Оман, Катар жана Кувейт кирет.