Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. УКМК журналист Болот Темировдун соцтармакта тараткан видеосу боюнча комментарий берди.
Атайын кызмат маалымдагандай, 26-мартта чагымчыл журналист Болот Темиров "Фейсбук" социалдык баракчасына "УКМК Ысык-Көлдөгү балдарды коркутуп жатат. Алардын атасын, ошол эле оор 278-берене боюнча соттошкон. Ага пробация берилген. Бирок андан кийин да алар келип, анын жоктугунда балдарын коркутуп жатышат"- деген атылышта видео тасма жүктөгөн.
УКМК тарап жаткан маалыматты расмий түрдө четке кагып, жарандарды чагымчыл, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырды.
Ошол эле учурда УКМК мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргызстанда башаламандыкты, талаш-тартышты жаратуу максатын көздөгөндөргө тийиштүү жоопкерчилик тууралуу эскертүүгө аргасыз экендигин белгиледи.