УКМК: Пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 16 Апрель 2025 15:39
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат контрчалгындоо кызматынын аймагында кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схемаларды демонтаждоого багытталган ыкчам - издөө иш-чараларынын алкагында КР жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен иш жүргүзгөн бир катар компаниялар боюнча маалымат алды.

Тактап айтканда, КР жарандары Ж.М. кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу жана Ш.А. Чүй-Бишкек обладминистрациясынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору – жер казынасын пайдалануу жаатындагы КР колдонуудагы мыйзамдык ченемдерин жана талаптарын бузуу менен жеке материалдык баюу максатын көздөшүп, Кытай инвесторлоруна 250 миң долларга мыйзамсыз сатып жиберишкен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, Октябрь сотунун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине жайгаштырылды.

Учурд УКМК тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.