УКМК: Мамкурулушта туруктуу коррупциялык көрүнүштөр байкалууда

Коом Загрузка... 06 Февраль 2025 11:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде туруктуу корруциялык схема сакталууда. Бул тууралуу агенттикте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде айтылды.

Жыйын коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдашкан кылмыш жазасына байланыштуу уюштурулуп, анда катышуучуларга кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.

Укук коргоо органдары, анын ичинде УКМК тарабынан коррупцияга каршы туруктуу күрөшкө карабастан Мамкурулуштун ишинде туруктуу коррупциялык схемалардын сакталышы байкалууда, бул 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейинки статистикалык маалыматтар менен тастыкталат.

Тактап айтканда, 20 кылмыш иши козголуп, анын алкагында 12 кызмат адамы кармалып, коррупцияга аралашканы үчүн 7 кызматкер иштен алынган.

Мындан улам УКМК кызматкерлери тарабынан төмөнкү коррупциялык тобокелдиктер белгиленди:

  1. Берилген күбөлүктөрдүн жана лицензиялардын реестрин жүргүзүү менен адистерди лицензиялоо, аттестациялоо;
  2. Долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизага кабыл алуу;
  3. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
  4. Ылайыктуулугун баалоо, бекитүү үчүн даярдоо жана курулуп бүткөн объектке киргизүү актысын берүү;
  5. Курулушка уруксат берүүчү документтерди берүү;
  6. Архитектура чөйрөсүндө - курулуш иши, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген башкы пландары боюнча;
  7. Убактылуу объекттерди орнотууга корутундуларды даярдоо боюнча документтерди макулдашуу;
  8. Тендерлерди жана мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү;
  9. Объекттердин курулушунун мониторинги;
  10. Жеке турак жайларга чектеш аймакты бекитүү үчүн жер участогуна укуктарды көрсөтүү үчүн документтерди даярдоо;

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Мындан улам жыйындын катышуучуларына коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө керектиги эскертилди.