Бишкек, 25.11.26. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги жаңы кеңсеге көчтү. Бул тууралуу агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин агенттик Ветеринария департаменти жана башка ведомстволук түзүмдөр менен бирге имараттын алтынчы кабатында жайгашкан. Агенттиктин карамагында болгону төрт кабинет болгон. Ал эми ишин сегиз кызматкер менен баштаган.
Эдуард Кубатов белгилегендей, жаңы кеңсе техникалык жактан эки күн мурда ачылган. Анын расмий ачылышы жакынкы күндөрү өтөт. Кеңсени жабдууда кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Учурда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте 16-17ге жакын кызматкер иштейт. Ал эми Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда дагы 20 адам эмгектенет.
Агенттиктин директору мамлекеттик кызматка кызматкерлерди кабыл алуунун өзгөчөлүктөрүнө да токтолду. Анын айтымында, жумушка алуу бир нече этап менен жүргүзүлөт. Алгач талапкер Мамлекеттик кадр кызматынын кадрлар резервине кирип, андан соң тестирлөөдөн жана сынактык тандоодон өтүшү керек.
"Башкы адис, бөлүм башчы кызматтарынын бирине 360 адам арыз берген. Мен муну чоң жетишкендик деп эсептейм. Биз көрүнүктүү адистердин бирин ишке тарта алдык", - деди Эдуард Кубатов.