Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда туризмге байланыштуу бардык кызматтарды, объектилерди, маршруттарды жана компанияларды бириктирген улуттук Visit Kyrgyz туристтик платформасы ишке кирет. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, платформаны "Кызмат" жана "Түндүк" мекемелеринин IT адистери даярдашкан. Анда туристке сапарынын башынан аягына чейин керектүү бардык маалыматтар камтылат. Тактап айтканда, чек арадан өтүүдөн тартып, жайгашуу, тамактануу, логистика жана кайра кайтуу маселелерине чейин маалымат алууга болот. Ошондой эле платформада кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү, анын ичинде алдын ала брондоо, ижара, транспорт, туристтик компаниялар жана маршруттар тууралуу маалыматтар жеткиликтүү болот.
Кубатов белгилегендей, Visit Kyrgyz аталышы "Кыргызстанга кош келиңиз" деген маанини билдирет. Платформанын концепциясы буга чейин Берлин, Париж, Лондон жана Токиодо өткөн эл аралык туристтик көргөзмөлөрдө оң бааланган.
Улуттук туристтик бренддин логотиби катары ак илбирс тандалган. Мекеменин жетекчисинин айтымында, символиканы иштеп чыгууда тоолордун жана көлдөрдүн сүрөттөрүн колдонуудан баш тартуу чечими кабыл алынган. Анткени алар өлкөнүн өзгөчөлүгүн толук чагылдыра албайт.
"Дүйнөдө тоолор менен көлдөр миңдеп саналат. Ошондуктан биз өлкөбүздүн өзгөчөлүгүн баса белгилөөнү чечтик. Ак илбирс — биздин улуттук символубуз. Ал жөнөкөй, ошол эле учурда жагымдуу эмоцияларды жаратат", - деп түшүндүрдү Кубатов.