Бишкек, 25.08.26 /Кабар/. Сингапур төрөлүүнүн рекорддук түрдө төмөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жаңы чараларды киргизди. Мамлекет ар бир бала төрөлгөндөн баштап 17 жашка чыкканга чейин жардам катары болжол менен 70 миң Сингапур долларын (болжол менен 55 миң АКШ доллары) берүүнү көздөп жатат, деп Kaзинформ Financial Review басылмасына шилтеме берип жазды.
Сингапурдун премьер-министри Лоуренс Вонг өзүнүн кайрылуусунда балдар үчүн жөлөк пул жана ата-энелик өргүү системасы кайра каралып чыгарын айтты.
Программанын алкагында ар бир жаңы төрөлгөн жаран бир жолку төлөм катары 10 миң Сингапур долларын (болжол менен 7800 АКШ доллары) алат. Андан кийин мамлекет үй-бүлөлөргө кошумча колдоо чараларын көрсөтөт, ар бир балага 17 жашка чыкканга чейин жалпы суммасын болжол менен 70 миң Сингапур доллары берилет.
Өкмөт балдарды багуу жана мектепке чейинки билим берүүнү жеткиликтүү кылууну, ата-энелик өргүүгө колдоону кеңейтүүнү жана үй-бүлөлөр үчүн турак жай шарттарын жакшыртууну көздөйт. Балдары бар үй-бүлөлөргө мамлекеттик турак жайга жетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр берилет. Өкмөттүн максаты - каржылык жардам көрсөтүү гана эмес, ошондой эле үй-бүлөгө ыңгайлуу чөйрө түзүү.
Бул чаралар Сингапурдун жалпы төрөт көрсөткүчү бир аялга 0,87 балага чейин рекорддук деңгээлге төмөндөгөн учурда көрүлүүдө. Калкынын саны 6 миллиондон бир аз ашкандыктан, өлкө Түштүк Кореянын дүйнөдөгү эң төмөнкү 0,8 көрсөткүчүнө жакындап баратат.