Түркияда кыргыз кинолорун көрсөтүү сунушталды

Маданият 3001 28 Март 2026 13:58
656808577_1358215363019380_3318936002649235573_n.jpg
657338660_1358215356352714_1183170828077340804_n.jpg
656913165_1358215413019375_1203680759078651116_n.jpg
659002542_1358215313019385_4043064136172166266_n.jpg
659042379_1358215393019377_1743933028677894139_n.jpg
Алдыга
Артка
656808577_1358215363019380_3318936002649235573_n.jpg
657338660_1358215356352714_1183170828077340804_n.jpg
656913165_1358215413019375_1203680759078651116_n.jpg
659002542_1358215313019385_4043064136172166266_n.jpg
659042379_1358215393019377_1743933028677894139_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Кыргыз кино күндөрүнө катышуу үчүн келген чыгармачыл делегациянын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Башкы консулдуктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары Нуралы Байтереков, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат, ошондой эле аталган департаменттин эл аралык байланыш бөлүмүнүн кызматкери Эрлан Матисаков катышты.

Чыңгыз Токтобеков ийгиликтүү өткөн Кыргыз кино күндөрү менен куттуктап, мындай маданий иш-чаралар кыргыз маданиятын чет өлкөдө жайылтууда жана мекендештерди бириктирүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ошондой эле ал келечекте консулдук округга караштуу башка шаарларда да кыргыз кинолорун көрсөтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Нуралы Байтереков бул сунушту кубануу менен кабыл алып, Кыргыз кино күндөрүн уюштурууда жана өткөрүүдөгү колдоосу үчүн Башкы консулдукка ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, кино ишмерлеринен турган делегация Стамбул шаарында өткөн Кыргыз кино күндөрүнө катышты. Кино күндөрү 24-26-март күндөрү Стамбул шаарындагы “Атлас” кинотеатрында өттү.