Түрк мамлекеттер уюму маанилүү турукташтыруучу ролду аткарат – эксперт

Түрк мамлекеттер уюму Загрузка... 02 Апрель 2026 17:00
53639618243882_s5omv1e.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. “Түрк элдеринин конгресси” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Эдил Марлис уулу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде эл аралык кырдаал татаалдашып турган шартта Азербайжанда өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тынчтык жана өз ара өнүгүү принциптерин карманган уюм, объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, экономикалык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактап кала алганына көңүл бурду.

“Түрк мамлекеттер уюму учурда турукташтыруучу маанилүү ролду аткарып жатканын баса белгилеп кетким келет. ТМУ жаңы логистикалык каттамдарды куруу, транспорттук байланышты жакшыртуу жана өз ара сооданы арттыруу менен жалпы мейкиндикти чыңдоодо. Бул өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алганда өтө маанилүү. Бизге жүк агымдарынын өткөрүмдүүлүгүн камсыз кыла турган альтернативдүү жолдор керек. Иран аркылуу өтүүчү жана Борбор Азия өлкөлөрүн Түркия менен байланыштырган кургактагы коридор согуштук аракеттерден улам кооптуу болуп калды. Бирок азыр бизде мамлекеттер аралык сооданы жетиштүү көлөмдө кармап турууга жана аны андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген вариант катары Транскаспий коридору бар. Бул жагынан алганда, ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бакудагы жолугушуусу чоң мааниге ээ. Азербайжандагы саммитте талкууланган соода, транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлор өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү. Учурдагы эл аралык кырдаалда бул Борбор Азия үчүн да, Кавказ, Каспий жана Кара деңиз чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн да туруктуулуктун маанилүү фактору болуп саналат”, - деп белгиледи Эдил Марлис уулу.