Түрк инвестициялык фондунун капиталы 600 млн долларга чейин көбөйтүлөт

Түрк мамлекеттер уюму Загрузка... 20 Февраль 2025 09:54
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.02.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөр Түрк инвестициялык фондунун уставдык капиталын көбөйтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Азербайжанда өткөн бизнес-форумда фонддун уставдык капиталы 20%га, 500 млн доллардан 600 млн долларга чейин көбөйөрү айтылды. Бул Венгриянын фондго кошулуусунан улам болгону айтылууда.

Форумдун негизги темасы инвестициялык келечек, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана аймактагы бизнести өнүктүрүү болду.

Өзбекстан 2025-жылдын май айында Каракалпакстанда ТМУ өлкөлөрүнүн ишкер аялдар форумун өткөрүү демилгесин көтөрдү, бул аймакта экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө дагы бир кадам болоору белгиленди.

Фонд 2023-жылы түзүлүп, 2024-жылы иштей баштаган. Беш өлкөнүн ар бири – Азербайжан, Түркия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан – 100 млн доллардан инвестиция салган. Фонддун башкы кеңсеси Стамбулда жайгашкан.

Фонд түрк аймагындагы инфраструктура, соода жана ишкердик долбоорлорун каржылоого багытталган. Анын капиталынын көбөйүшү микро, чакан жана орто бизнести колдоо, сооданы стимулдаштыруу жана бириккен аймактык коомчулуктардын өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.