Транспорт министрлигинин алдыдагы жылдарга карата иш планы талкууланды

786 03 Апрель 2025 11:34
486542520_971908661784547_6436672667380825840_n.jpg
486184419_971908668451213_2923130314299683765_n.jpg
486461212_971908678451212_6426791371381627692_n.jpg
487380885_971908565117890_2196558841475562433_n.jpg
488079656_971908551784558_7377740402209707570_n.jpg
488900403_971908585117888_1350184632279495145_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-2030-жылдарга аткарылуучу иш пландары каралган жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев төрагалык кылды. Ага министр Абсаттар Сыргабаев, анын орун басарлары жана бөлүм башчылар катышты.

Министрлик тарабынан келерки 5 жылдыкта ишке ашырылуучу негизги багыттар боюнча иш-аракеттери жана күтүлүп жаткан натыйжалар айтылды.

Талкуунун жүрүшүндө транспорттук тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, жол-транспорттук коопсуздукту жогорулатуу, санариптик технологияларды жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Жыйынтыгында министрликке тиешелүү тапшырмалар коюлуп, ишти натыйжалуу аткаруу белгиленди.