Трамп Мадуронун кармалып, Венесуэладан чыгарылып кеткендигин айтты

Дүйнө Загрузка... 03 Январь 2026 19:45
dbd640fc-e136-4eff-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 03.01.26. / Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн сыртка чыгарылып кеткендигин билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагында жарыяланган билдирүүсүндө айтканын РИА Новости агенттиги кабарлады.

Трамптын айтымында, операция АКШнын укук коргоо органдары менен кызматташтыкта жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда ал окуянын чоо-жайын ачыктабастан, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин белгиледи.

Учурда Венесуэланын расмий бийлиги бул билдирүүнү тастыктай элек. Буга чейин Каракаста жардыруулар болуп, кырдаал чыңалып жатканы кабарланган. Андан кийин Венесуэланын жетекчилиги өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилгенин жарыялаган.

Белгилей кетсек, АКШ менен Венесуэланын ортосундагы мамилелер бир нече жылдан бери чыңалган бойдон калууда. Вашингтон Венесуэла бийлигин демократиялык ченемдерди бузууга жана коррупцияга айыптап, өлкө жетекчилигине жана мунай секторуна каршы санкцияларды киргизип келет. Ал эми Каракас АКШнын бул аракеттерин эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүсү деп билдирип келет.