Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн 5 жылдыгын ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү

Министрлер кабинети 28 Январь 2025 14:41
67989089cc9f4-thumb.jpg
6798907ac08e6-thumb.jpg
67989088f1d4c-thumb.jpg
67989088f2b0e-thumb.jpg
67989089a859f-thumb.jpg
67989089a9020-thumb.jpg
67989089c8e31-thumb.jpg
679890893f26a-thumb.jpg
679890893f236-thumb.jpg
679890895e11c-thumb.jpg
679890898a467-thumb.jpg
67989089894d6-thumb.jpg
Алдыга
Артка
67989089cc9f4-thumb.jpg
6798907ac08e6-thumb.jpg
67989088f1d4c-thumb.jpg
67989088f2b0e-thumb.jpg
67989089a859f-thumb.jpg
67989089a9020-thumb.jpg
67989089c8e31-thumb.jpg
679890893f26a-thumb.jpg
679890893f236-thumb.jpg
679890895e11c-thumb.jpg
679890898a467-thumb.jpg
67989089894d6-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин Беш жылдыгын даярдоо жана ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин биринчи отурумун өткөрдү.  

Уюштуруу комитетинин жыйыны президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин Беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле шаар мэрлеринин катышуусунда өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын “Туруктуу тоолорду өнүктүрүү” резолюциясына ылайык, 2023-2027-жылдар Кыргыз Республикасынын президентинин демилгеси менен Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин Беш жылдыгы деп жарыяланганын эскертти.  

“Кыргыз Республикасы дүйнөлүк мааниге ээ болгон тоо-кен казып алуу күн тартибин илгерилетүү боюнча алдыңкы катарда экени менен биз сыймыктансак болот. Тоолуу аймактардагы калктын жашоо шарттарын жакшыртуу, тоо экосистемаларын коргоо, булганууну, жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу, ошондой эле туруктуу тоо өнүгүүсүнө өтүү максатында Жол картасынын алкагында министрлер кабинетинин ишинин негизги приоритеттер экенин белгилегим келет”, – деди ал.  

Адылбек Касымалиев Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин Беш жылдыгынын Жол картасын сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ал эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, каржылоону тартууга жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн улуттук, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде чечүүгө багытталганын кошумчалады.  

Жыйындын жүрүшүндө Жол картаны ишке ашыруу боюнча маалымат берилип, ошондой эле тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.  

Уюштуруу комитетинин жыйынынын соңунда бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.