Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп курулат

Аймак
Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп курулат
copyright icon www

Бишкек, 24.10.26 /Кабар/. 2030-жылга чейин Токтогул районунда жана Токтогул шаарында бир катар масштабдуу инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Алдыдагы жылдары аймакта билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коммуналдык тармактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Пландаштырылган объектилердин тизмеси төмөнкүдөй:

  • Билим берүү жана спорт: 9 мектеп, 20 бала бакча жана 5 спорт залы курулат.
  • Саламаттыкты сактоо: 2 оорукана жана 5 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) тургузулат.
  • Инфраструктура жана айыл чарбасы: Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча 18 долбоор ишке ашырылып, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн сугат максатында 11 канал курулат.

Мындан тышкары, Токтогул шаарында заманбап талаптарга жооп берген жаңы муниципалдык базарды жана башка маанилүү социалдык-экономикалык объектилерди куруу каралган.