Токтогул шаарындагы курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдөнүүдө

Коом 15 сентябрь 2026 16:40
WhatsApp Image 2026-09-15 at 16.33.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 16.33.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 16.33.07.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-15 at 16.33.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 16.33.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-15 at 16.33.07.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Токтогул шаардык мэриясы

Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Токтогул шаарында жүргүзүлүп жаткан курулуш жана инфраструктуралык иштердин жүрүшү көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын мэри Рамис Өмүрканов жана шаардык кеңештин төрагасы Мирбек Борбугулов бир катар объектилерди жеринен көрүп, асфальт төшөө, бала бакча куруу жана суу түтүктөрүн тартуу иштеринин аткарылышы менен таанышты.

Жетекчилер курулуш иштеринин сапатына, колдонулган материалдардын талаптарга ылайыктыгына жана белгиленген графиктин сакталышына өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча тапшырмалар берилди.