Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Токмокто адам сабоо фактысы боюнча текшерүү иши башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-апрелде социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда жаранды бир нече адам сабап жаткандыгы тартылган видео аныкталган.
Аталган факт Токмок шаардык милициясына каттоого алынып, мыйзамда белгиленген тартипте текшерүү иштери башталган.
"Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле бул окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо максатында зарыл болгон текшерүү жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилип, мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат",-деп айтылат маалыматта.