Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, имараттын курулуш иштери былтыр ноябрь айында башталган. Жалпы аянты 533 чарчы метрди түзөт.
Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен курулду.
Жаңы административдик имаратта жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап шарттар түзүлүп, "Бирдиктүү терезе" бөлүмү, архив, конференц-зал, кабыл алуу бөлмөсү, бухгалтерия жана кызматтык бөлмөлөр жайгаштырылган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Буга чейин башкармалыктардын жамааты эски имараттарда иштеп келген.