Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Аймак Загрузка... 21 Апрель 2025 12:34
WhatsApp Image 2025-04-21 at 12.26.46.jpeg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна түшкөн таштар тазаланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде жааган жамгырдын кесепетинен унаа жолдун Арал – Казарман тилкесинин 287-288-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жолдун эки багыты тең жабылган.

№18 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан керектүү атайын техникалар тартылып, жолдун бир тилкеси ачылды. Тоо бетинен түшкөн таштардын көлөмү чоң болгондуктан, аларды майдалоо жана бөлүү үчүн кошумча техника тартылууда.

Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 800 метр куб түзөт.