“Түндүк” тиркемесинин колдонуучулары 3,3 миллиондон ашты

Санарип Кыргызстан Загрузка... 20 Май 2026 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө “Түндүк” тиркемесинде 90дон ашык кызмат жайгашып, колдонуучулардын саны 3 млн 300 миңден ашты. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Түндүк” ААК башкармалыгынын төрагасы Талант Аманов билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-20 at 14.38.36 (1).jpeg

Анын айтымында, учурда мамлекеттик органдар толугу менен санариптештирүүгө өтүп жаткандыктан, күндөн-күнгө маалымат алмашуунун саны өсүп, 7 миллиарддан ашкан. Ошондой эле тиркемеге жума сайын жаңы кызматтар киргизилүүдө.

“2025-жылдын июль айына чейин “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүү порталы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында өзүнчө мекеме катары иштеп келген. Оптимизациялоонун алкагында электрондук өз ара аракеттенүүнүн улуттук операторунун бардык беш департаменти бириктирилип, учурда бирдиктүү жаңы кеңседе иштеп жатат. “Түндүк” ААКсында азыр 120дан ашык техникалык адис, андан тышкары маалыматтык коопсуздук адистери, тармактык түзүмдүн администраторлору жана департамент башчылары болуп, жалпы штат 200 адамды түзөт”, — деди Аманов.

Белгилей кетсек, “Түндүк” мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн улуттук оператору Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Муну менен ишкананын бардык кызматкерлери кыска мөөнөттө жаңы кеңсе жана ыңгайлуу жумуш орундары менен камсыздалды.

“Жаңы жумуш ордуна келгенче 430 чарчы метр имаратта, бир столдо төрттөн кызматкер отуруп иштеп келсек, азыр иш аянтыбыз 4 эсе кеңейип, 1500 чарчы метрге жетти. Заманбап кеңседен тышкары, президенттинин Иш башкармалыгы тарабынан компьютердик техникаларыбыз толугу менен жаңыртылууда. Санариптештирүү процессин өнүктүрүү максатында буга чейин сервердик инфраструктурабыз дагы 100 пайызга алмаштырылган”, — деп белгиледи ал.
WhatsApp Image 2026-05-20 at 16.10.56.jpeg

Ошондой эле “Кызмат” мамлекеттик ишканасы менен менен “Түндүк” ААКсы өлкөдөгү эки чоң IT компания катары бир имаратта жайгашып, биргеликте иш алып барышары кошумчаланды.