Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Өзгөчө түрк элдеринин жалпы маданий жана тарыхый мурасын сактоо, жайылтуу жана эл аралык деңгээлде даңазалоого багытталган биргелешкен долбоорлорго көңүл бурулду.
Ошондой эле алдыдагы маданий форумдардын, фестивалдардын жана конгресстердин программалары, тарыхый-маданий эстеликтерди санариптештирүү демилгелери, бирдиктүү музейдик жана китепканалык платформаларды түзүү, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин илимий жана маданий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.