ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулайт

Саясат Загрузка... 07 Март 2026 09:33
photo_5415920487600.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек. 07.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында ТМУ өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын учурдагы аймактык жана глобалдык темаларды, анын ичинде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашы күтүлүүдө.