ТИМ учурдагы абалга байланыштуу кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн чыгып кетүүгө чакырды

Коом Загрузка... 28 Март 2026 11:00
3353959_KrKnjaa_6Vz_qX8WLaC.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик-саясий абалдын туруксуздугу сакталып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстандын жарандарын аймактан чыгып кетүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин бул багытта сапарлардан карманууга чакырат.

Маалыматка ылайык, куралдуу жаңжал аймагынан чыгып кетүүнүн негизги коопсуз жолу бүгүнкү күндө Сауд Аравия жана Дубай шаары болууда.

Министрлик өлкөгө чыгып кетүү үчүн бир нече аба каттамдарын сунуштады:

  1. Flynas авиакомпаниясы: Эр Рияд – Алматы / Ташкент – Бишкек / Ош багыттарында жумасына 3 каттам аткарат.
  2. Uzbekistan Airways авиакомпаниясы: Жидда – Ташкент багытында туруктуу каттамдарды ишке ашырууда.
  3. Air Astana авиакомпаниясы: Жидда / Эр-Рияд – Алматы / Астана багыттарына каттамдарды ишке ашырат.
  4. Turkish Airlines / Pegasus / Ajet авиакомпаниялары: Эр-Рияд / Жидда / Даммам – Стамбул багытында каттамдарды аткарууда.
  5. Azerbaijan Airlines авиакомпаниясы: Эр-Рияд / Жидда – Баку багытында.
  6. Flydubai авиакомпаниясы: Дубай – Бишкек багытында жумасына 2 каттам аткарат.
  7. Jazeera Airways: Даммам жана Эль-Кайсума шаарларынан ар-түрдүү багыттарда каттамдардын ачылышын жарыялаган.
  8. Qatar Airlines: үзгүлтүктөр менен ар кандай багыттар боюнча каттамдарды аткарууда.

Сауд Аравиянын аймагына кирүү үчүн кыргыз жарандары алдын ала туристтик же башка түрлүү визаны алуусу керек. Визаны https://ksavisa.sa сайты аркылуу онлайн түрүндө алса болот, ошондой эле визаны чек арага келген учурда алууга мүмкүнчүлүк берилген. Визанын баасы анын түрүнө жараша өзгөрүп турат. Мисалы, туристтик eVisa орточо эсеп менен 300–400 сауд риалын (80–110 АКШ долларын) түзүп, базалык медициналык камсыздандырууну камтыйт. Виза 90 күн колдонуу мүмкүнчүлүгү менен бир жылдык мөөнөткө (бир нече жолу кирүүгө болот) берилет.

Ракеталык жана дрондук аба чабуулдары болуп жаткан учурда аба мейкиндиги жабылып, авиакаттамдар абал турукташканга чейин убактылуу токтотулушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу министрлик кыргызстандыктарды кырдаал курчуган учурда жеке коопсуздук чараларын сактоого жана жергиликтүү бийликтин сунуштарын аткарууга чакырат.

Ошондой эле суроолор жаралган учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө төмөндөгү телефон номерлери боюнча кайрылуу зарыл:

  • КР ТИМнин консулдук департаменти: +996999312002;
  • КРнын Кувейттеги Элчилиги: +96550887691;
  • КРнын Катардагы Элчилиги: +97450667001;
  • КРнын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги: +966583769945;
  • КРнын БАЭдеги Элчилиги: +971522255269;
  • КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971522918840;
  • КРнын Ирандагы Элчилиги: +982122830354; +989352505229.