Бишкек, 07.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн аймактарына жасалып жаткан аба соккуларынын уланып жатышына жана кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарын мекенине эвакуациялоо боюнча бир катар чараларды көрүүдө.
Министрликтен билдиришкендей. Кыргызстандын жарандары ар кандай авиакаттамдар аркылуу өлкөгө кайтып келишүүдө. Жалпысынан 700гө жакын жаран мекенине кайтып келди. Анын ичинде өлкө башчысынын тапшырмасынын негизинде уюштурулган Омандан эки эвакуациялык авиакаттам аркылуу алып келинген жарандар да бар.
Ошол эле учурда азыркы тапта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү абал татаал жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болбой калууда. Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө баруудан карманууну сунуштайт.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөнкү байланыш номерлерине кайрылуу зарыл:
- ТИМдин Консулдук департаменти (күндүз-түнү): +996 999 312 002, e-mail: dks@mfa.gov.kg;
- Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +98 21 2283 0354, +98 935 250 5229;
- Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу: +374 91 919191;
- Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +965 50887691;
- Кыргызстандын Катардагы элчилиги: +974 50667001;
- Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги: +966 583769945;
- Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги: +971 522255269;
- Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулдугу: +971 522918840;
- Кыргызстандын резиденциясы Анкарада жайгашкан Израилдеги элчилиги: +90 545 689 6800;
- Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулу: +972 53 3214916;
- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00;
- Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги: +993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59;
- Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги: +93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp);
- Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги: +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01.