ТИМ Москвада кыргызстандыктардын массалык кармалышы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Саясат Загрузка... 14 Апрель 2025 13:38
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 11-апрелде Москва шаарындагы "Бодрость" мончо комплексинде Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө кармоого байланыштуу уюштурулган.

КР ТИМи Россия тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берди.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды.