ТИМ мамкызматкерлер үчүн тышкы саясат маселелери боюнча окутуу өткөрдү

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 09:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Күн мурун К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын базасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.

Окутуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан тышкы саясат маселелери боюнча болду.

Семинар "Мамлекеттик органдардын Кыргызстандын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө", "Кыргызстандын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "КР мамлекеттик протоколу жөнүндө" мыйзамдарынын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ТИМдин жооптуу кызматкерлери аталган мыйзамдардын жоболорун сактоонун зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти. Катышуучулар эл аралык ишмердүүлүктү жүзүгө ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн белгиленген тартиби, КРнын эл аралык келишимдерин түзүү, күчүнө кирүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо, мамлекеттер аралык маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде бирдиктүү протоколдук практика менен таанышышты.

Мындан тышкары, ТИМдин кызматкерлери "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте маморгандардын эл аралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө ТИМ менен өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштырууга багытталган "Дипломатиялык кызмат" автоматташтырылган маалымат системасы менен иштөө боюнча инструктаж өткөрдү. 

Семинардын жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу жана суроо-жооп сессиясы орун алып, ага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 70ден ашык кызматкерлери катышты.