Тигүү тармагын колдоого 4 млрд сомго жакын насыя берилди

Экономика 18 Июнь 2026 13:00
WhatsApp_Image_2026_VCsKzmf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
hd-1773822861390_4teU8Bx.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2026_VCsKzmf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
hd-1773822861390_4teU8Bx.webp
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Тигүү тармагын колдоого 4 млрд сомго жакын насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, каражат алууга 6 миң арыз келип түшкөн.

“ABank (Айыл Банк) жана “Керемет Банк” банктары аркылуу тигүү тармагын колдоого каражаттар берилүүдө. Каражат алууга 6 миң арыз келип түшкөн. Мамлекет тарабынан субсидиялоо үчүн 300 млн сом каралган. Учурда тигүү тармагынын өкүлдөрүнө 4 млрд сомдой каражат берилди”, - деп белгиледи ал.