Ташиев: “Караганды-Сайдан” 500 гектар жайыт жерди биз алдык

Коом 902 19 Март 2025 12:19
WhatsApp Image 2025-03-19 at 12.20.47.jpeg
photo_5970753597077567442_y.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-19 at 12.20.47.jpeg
photo_5970753597077567442_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин маалымат кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. “Караганды-Сай” участогунан 500 гектар жайыт жерди биз алдык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган жерди кыргыз тарап иштетип келген. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам соңку жылдары тажик тарап тартып алып, иштетип келген.

“Акыркы жылдары бул участоктогу “Карамык”, “Жекенди” айылдарына Чоң-Алай районунун тургундары кире албай калышкан. Биз бул жерди кайра өзүбүзгө кайтарып алдык”,-деди ал.