Бишкек, 16.08.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Миниистрликтен билдиришкендей, 5 миң орунга ылайыкталган стадиондо батыш жана чыгыш трибуналары, оюнчулар үчүн зарыл шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы каралган. Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, ашкана жана административдик жайларды куруу пландалууда.
Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин 75 пайызы аткарылды. Объектте 300дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө.
Министр аткарылып жаткан иштердин сапатына көңүл буруп, подряддык уюмга жумушчулардын санын көбөйтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле ал стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин айтты.
Белгилей кетсек, стадиондун курулушу былтыр башталган. Аны Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.