Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. 2025-жылы Талас облусунда 167 трансформатор капиталдык оңдонуудан өтүп, 1 миң 234 трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт.
Мекемеден билдиришкендей, техникалык тейлөө иштери «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.
Белгиленгендей, капиталдык оңдоо иштерине Талас облусунун 4 району жана Талас шаарындагы электр тармактары кирет. Алардын ичинен Талас РЭТи 54 трансформаторду, Бакай-Ата РЭТи 39, Манас РЭТи 16, Айтматов РЭТи 36, Талас ШЭТи болсо 22 трансформаторду оңдоо иштерин аткарат.
Техникалык тейлөө иштеринин жүрүшүндө Талас РЭТи 386 трансформаторду, Бакай-Ата РЭТи 266, Манас РЭТи 129, Айтматов РЭТи 278 жана Талас ШЭТи 175 трансформаторду техникалык тейлөө иштери пландаштырылган.
Ошондой эле 2025-жылы Талас облусунда электр энергетикасы тармагында бир катар иш-аракеттер пландалган. Анын алкагында, 5 жаңы кошумча трансформатор орнотулат. Манас районунда 3 даана, ал эми Айтматов районунда 2 даана жаңы трансформатор орнотулмакчы.
Муну менен катар, алдыңкы жылдарда 13 трансформатордун кубаттулугун жогорулатуу иштери да жүргүзүлөрү пландалууда. Талас шаарында 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, анын ичинен 1 даанасы 250 кВАдан 400 кВАга, 1 даанасы 400 кВАдан 630 кВАга, 1 даанасы 630 кВАдан 1000 кВАга көтөрүлөт.
- Бакай-Ата районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 1 даанасы 400 кВАдан 630 кВАга, ал эми 2 даанасы 63 кВАдан 250 кВАга көтөрүлөт.
- Айтматов районунда 4 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 3 даанасы 160 кВАдан 250 кВАга, 1 даанасы 100 кВАдан 250 кВАга көтөрүлөт.
- Талас районунда 3 трансформатордун кубаттулугу жогорулатылып, 1 даанасы 160 кВАдан 250 кВАга, 2 даанасы 100 кВАдан 400 кВАга көтөрүлөт.