Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Светлана Аширова кайрадан Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору болуп дайындалды. Маалыматты "Кабар" агенттигине Светлана Аширова өзү тастыктады.
Белгилей кетсек, Аширова бул кызматка былтыр октябрь айында дайындалган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 23-январында келишим мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ал ишинен бошотулганын кабарлаган болчу.
Эске салсак, 2-ноябрда Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин имараты оңдоп-түзөөдөн кийин ачылган.